21-октябрь, шейшембиде, республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +17…+22, Талас аймагында +16…+21, Ош, Жалал-Абад облустарында +19…+24, Баткенде +18…+23, Ысык-Көл өрөөнүндө +13…+18, Нарын жергесинде +15…+20 градус жылуу болот.
Борбор калаада күндүн табы +19…+21, Ош шаарында +20…+22 градуска чейин көтөрүлөт.