7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө «Йакын Инкар» экстремисттик уюмунун 14 мүчөсү кармалды 

167

Ысык-Көлдө «Йакын Инкар» диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү жашаган дарек боюнча тинтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

«УКМК Йакын Инкар» ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында, 2025-жылдын 16-октябрында козголгон кылмыш ишинин алкагында «Йакын Инкар» ДЭУнун 14 мүчөсүнүн жашаган дареги боюнча тинтүү иш-чараларын жүргүздү.

Жыйынтыгында кылмыш ишинин фигуранттарынын жашаган дареги боюнча экстремисттик мүнөздөгү ар кандай диний адабияттар, ошондой эле буюмдук далил катары протоколдук түрдө алынган уюлдук телефондор табылган.

Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында аталган «Йакын Инкар» ДЭУнун мүчөлөрү өздөрүнүн радикалдуу көз караштарынан ачык баш тартышты», — делет маалыматта. 

168