7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Үн чыгаруучу каражатты мыйзамсыз орнотуп алган күзөт агенттигине айып салынды

358

Үн чыгаруучу каражаттарды мыйзамсыз орноткондугу үчүн «Бастион» күзөт агенттигине айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Башкармалыктын Издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө аталган күзөт агенттигине тиешелүү кызматтык унаада мыйзамсыз орнотулган үн чыгаруучу атайын каражаттар аныкталган.

Бул факты боюнча жол кыймылынын эрежелерин бузуу катталып, унаанын айдоочусуна 5 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле кызматтык унаа атайын айып короо жайына токтотулду.

Белгиленгендей, атайын үн чыгаруучу жана жарык берүүчү каражаттарды уруксаты жок унааларда колдонуу мыйзам тарабынан тыюу салынган. Бул эрежелердин негизги максаты — жол кыймылынын коопсуздугун жана тартибин камсыз кылуу.

359