7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК Ошто алдамчылыкка шектелген жактоочуну акча алып жаткан жеринен кармады

175

УКМК Ошто алдамчылыкка шектелген жактоочуну акча алып жаткан жеринен кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ноокат райондук сотунда кесипкөй ишмердүүлүк жүргүзгөн Ош облустук аймактык адвокатурасынын адвокаты Ж.К.Т. тарабынан алдамчылык фактылары аныкталган.

“Жактоочу Ж.К.Т. кылмыш иши боюнча соттолуучуга юридикалык жардам көрсөтүп жатып, сот кызматкерлери менен байланышы бар экенин жана соттун оң өкүм чыгаруусуна таасир этүү мүмкүнчүлүгүн айтып, соттолуучунун атасын адаштырган. Бул «жардам» үчүн жактоочу 110 миң сом талап кылган. 2025 — жылдын 15-октябрында КР УКМК тарабынан чогултулган материалдар боюнча КР Башкы прокуратурасы тарабынан Ж.К.Т.га карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда «Алдамчылык» боюнча каралган кылмыштын белгилеринин негизинде кылмыш иши козголгон. 2025-жылдын 16-октябрында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ж.К.Т. акча алып жаткан жеринен кармалган. Андан соң ал КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген”, — деп жазылат маалыматта.

176