7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ноокат РИИБ шылуундардын илмегине илинип калуудан сак болууга чакырат

406

Ноокат райондук ички иштер бөлүмү жарандарды шылуундардын илмегине илинип калуудан сак болууга чакырат.

Акыркы күндөрү интернет аркылуу жасалган алдамчылык фактылары көбөйүүдө. Шылуундар өздөрүн банк кызматкери же укук коргоо органынын өкүлү катары тааныштырып, сиздин атыңыздан шектүү акча которуулар болуп жатат деп, коркутуу жолу менен акча талап кылышууда.

Эсиңиздерде болсун:
– Банк кызматкерлери же милиция телефон аркылуу эч качан акча талап кылбайт!
– Эч качан банк эсебиңизди “коргоо үчүн” башка эсепке акча которбоңуз!
– Белгисиз номерден ушундай чалуу түшсө, дароо сүйлөшүүнү токтотуп, 102 номерине кабарлаңыз.

Этият болуңуздар, туугандарыңыздарга да айтыңыздар!
Коопсуздук өзүңүздөн башталат!

407