7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги медакадемиянын мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

164

И.Ахунбаев атындагы КММАнын мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Маалым болгондой, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына тиешелүү болгон имараты бар жер тилкеси аныкталып, ал 1998-жылы мамлекеттик көзөмөлдөн мыйзамсыз алынып, жеке менчикке өтүп кеткен.

Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын 16-декабрындагы № 1074 «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын 43-беренесинин 6-пунктуна ылайык мамлекеттик билим берүү мекемелеринин имараттары, жер тилкелери жана материалдык-техникалык базасы менчиктештирүүгө жатпайт.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында аталган жер тилкесинин менчик ээси аталган жер участогун имараты менен бирге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өз ыктыяры менен жана акысыз өткөрүп берди.

165