7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто турак үйдөн чыккан өрттөн 34 жаштагы келин 5 баласы менен каза болду

168

Ошто турак үйдөн чыккан өрттөн 6 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-октябрда болжол менен саат 05:52дө Ош шаарынын Орозбеков көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө саат 05:54тө Ош шаардык №29 ӨКБдан 1 бөлүм тартылып, жерине 06:01де жеткен.
Өрт саат 06:25те чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Алгачкы маалыматтар боюнча, болжол менен саат 03:30 чамасында турак үйдүн жер төлөсүндө өрт башталып, ал кыска убакыттын ичинде турак үйдүн чатырына чейин тараган.

Кырсыктын кесепетинен үйдүн 6 адамдан турган тургундары каза болду: 34 жаштагы аял жана 13, 11, 9, 6, 2 жаштагы балдары.

Өрт өчүрүүчүлөр жеткен учурда жарандардын жансыз денелери таанылгыс абалда табылган.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

169