Бүгүн, 2025-жылдын 23-октябрында УКМК Төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын райондук электр тармактар ишканасынын имаратынын ачылыш аземине катышып, кызыл тасмасын кести. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, жаңы имарат Нарын шаарынын борбордук бөлүгүндө, заманбап архитектуралык талаптарга ылайык курулуп, жалпы аянты 919 чарчы метрди түзөт. Объект үч кабаттуу болуп, бардык инженердик-коммуникациялык системалар менен камсыздалган.
“Курулуш иштери 2025-жылдын экинчи кварталында башталып, төртүнчү кварталында толук аякталып, пайдаланууга берилди. Объекттин жалпы өздүк наркы 55,25 млн сомду түзөт. Имараттын ичин жана сыртын кооздоодо энергия үнөмдөөчү материалдар жана заманбап жасалгалоо ыкмалары колдонулган. Курулушка «Кыргызстан улуттук электр тарамактар» ишканасынын өздүк каражатынан 55 миллион 250 миң сом жумшалган”, — деп берилет маалыматта.
Генерал-полковник К.Ташиев бул жылы суу аз топтолгонуна карабай, электр энергиясын үзгүлтүккө учуратпай жарык менен камсыз кылууга чакырды.