7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖК депутаттарынын жардамчылары жумуштан кетип, айлык-акылары токтотулду

349

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттарынын консультанттары жана жардамчылары жумуштан кетишти. Парламенттин басма сөз кызматы аларды алдыдагы кезексиз шайлоого байланыштуу кызматтан бошотуу чечими кабыл алынганын түшүндүрдү.

Мындай чечим бардык талапкерлер үчүн бирдей шарттарды камсыз кылуу жана шайлоо өнөктүгү учурунда административдик ресурстарды колдонуунун алдын алуу максатында кабыл алынганы белгиленди.

Ошондой эле, азыркы депутаттардын эмгек акысы токтотулду, бирок алардын ыйгарым укуктары күчүндө бойдон калууда. Ал сегизинчи чакырылыштын депутаттары ант берип, депутаттык милдеттерин аткара баштаганда токтотулат.

Басма сөз кызматы бул шайлоо процессинин катышуучулары үчүн ачык-айкындуулукту жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылаарын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин аппараты кадимкидей эле иштей берет.

350