7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте тактай саткан Көк-Сай базарынан өрт чыкты (ВИДЕО)

20
Бишкекте Свердлов районунун Орозбеков көчөсүндө Көк-Сай базарында жыйылган тактайлардан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тилсиз жоону өчүрүүгө саат 17:22де Свердлов райондук №3 ӨКБдан 2, Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1, Свердлов райондук №2 ӨКБдан 1, Штаб жөнөтүлдү.
Кошумча саат 17:44тө Биринчи Май райондук №8 АӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасынан 2 суу ташуучу унаа тартылган. ӨКМден жалпы 5 күжүрмөн эсеп жана штаб өрттү өчүрүү иштерин жүргүздү.
Өрт саат 20:16да толук өчүрүлүп, жалпы аянты болжол менен 800 чарчы метрди түзгөн. Бактыга жараша жабыркагандар жок.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

21