7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көп кабаттуу батирдин балконунан аял киши кулап, 2 шектүү кармалды

249

Бүгүн Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына (ГВДБ) Фрунзе көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирдин балконунан аял киши кулап түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Басма сөз кызматы билдиргендей, окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Тергөөчүлөр окуя болгон жерге барып, батирден 1988-жылы туулган В.Ю. жана Т.А. аттуу чет элдик эки жарандын өздүгүн аныкташкан. Ошондой эле батирде 1987-жылы туулган В.Т. аттуу аял киши да болгон. Алардын ортосунда чыр чыгып, аял балкондон кулап түшкөн. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган эки жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кылмыш иши козголуп, РИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүндө», — деп айтылат маалыматта.

250