7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Швейцариянын SICPA компаниясында тажрыйба алышты

2

Үстүбүздөгү жылдын 21–23-октябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Бакыт Джиенбековдун жетекчилигиндеги делегация кызматташтыкты өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу максатында Швейцариядагы SICPA компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Иш сапардын алкагында Салык кызматынын өкүлдөрү компаниянын жетекчилиги жана адистери менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, өз ара пайдалуу кызматташтык багыттарын, ошондой эле салыктык башкарууну санариптештирүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Жолугушууларда баалуу металлдар, товарлар жана продукциялардын көзөмөлү жана жүгүртүүсү боюнча эл аралык стандарттар сунушталып, контрафакттык жана мыйзамсыз продукцияны аныктоонун лабораториялык ыкмалары көрсөтүлдү.
Мындан тышкары, компания кирешелерди мобилизациялоо, табигый ресурстарды башкаруу, саламаттыкты сактоо, санариптик идентификация, маалымат коопсуздугу жана бренддерди коргоо тармактарында инновациялык чечимдерди тааныштырды.

Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү SICPAнын технологиялары Кыргызстанда салыктык түшүүлөрдү жогорулатууга, контрафакттык жана көмүскө сооданы азайтууга, ошондой эле мамлекеттик кирешелерди ачык жана натыйжалуу башкарууга мүмкүнчүлүк түзөрүн белгилешти.

Делегациянын жетекчиси Бакыт Джиенбеков SICPA менен кызматташуу Кыргызстандын салык системасын модернизациялоого жана аны эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө өбөлгө болорун баса белгиледи.
Ал тараптар ортосундагы өз ара байланыштар мындан ары да улантыларына ишеним билдирди.

Эске салсак, SICPA — дүйнө жүзүндө коопсуздук технологияларын иштеп чыгуучу эң ири жана кадыр-барктуу компаниялардын бири.
Компания беш континентте иш жүргүзүп, дүйнөдөгү көптөгөн банкноттордун корголушун камсыздайт. Мындан тышкары, SICPA кирешелерди мобилизациялоо, санариптик идентификация, маалыматтардын бүтүндүгүн камсыз кылуу жана бренддерди коргоо боюнча комплекстүү чечимдерди сунуштайт.

3