Кыргызстандык балбан Гүлнура Таштанбекова Сербиянын Нови-Сад шаарында өтүп жаткан 23 (U23) жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль жеңди.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал 68 кг салмак категориясында күч сынашып, мелдешти ишенимдүү баштады. Алгач мексикалык Дебанхи Тапия Гарсияны 13:4 эсебинде жеңип, чейрек финалга өттү.
Чейрек финалда италиялык Лаура Годинону 7:0 эсебинде утуп, жарым финалга чыкты.
Жарым финалда түрк балбаны Несрин Бас менен беттешип, 6:8 эсебинде утулуп калды.
Коло медаль үчүн болгон чечүүчү беттеште кыргыз балбаны немис спортчусу Герда Барф менен кармашып, 4:2 эсебинде жеңишке жетишти.



