Кыргызстандын кээ бир райондорунда бир аз жаан жаайт.
Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн +8°C, күндүз +22°C жылуу болот. Жаан-чачын болбойт.
Чүй облусунда түнкүсүн +5 градус жылуу, күндүз +22 градус жылуу болот.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +7 градус жылуу, күндүз +25 градуска чейин жылыйт. Жаан-чачын болбойт.
Нарын облусунда түнкүсүн -0 градус суук, күндүз +17 градуска чейин жылыйт.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2 градус жылуу, күндүз +20 градуска чейин жылыйт.
Талас облусунда түнкүсүн +2 градус жылуу болсо, күндүз +22 градуска чейин ысыйт.



