7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте өткөн бокс кечесинде Самат Абдрахманов Брендон Денести жеңди

24

Бишкек шаарында “Saikou X Lush Boxing Promotions” компаниясы уюштурган эл аралык профессионалдык бокс кечеси өттү.

Мелдештин эң негизги беттештеринин бири 74 кг салмак категориясында болду. Белгилүү “Самат Кыргыз” деген каймана аты менен таанымал кыргызстандык мушкер Самат Абдрахманов, Зимбабведен келген Брендон Денес менен рингге чыгып, алты раунддук беттештин жыйынтыгында калыстар бир добуштан жеңишти кыргыз мушкерине ыйгарышты.

Рингде Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Жапония, Аргентина, Филиппин, Таиланд, Мексика, Уганда жана Зимбабведен келген мушкерлер беттешти. Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, көрүүчүлөргө көптөгөн кызыктуу беттештерди тартуулады.

25