7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Дональд Трамптын чакыруусу менен АКШга барат

376

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров АКШнын Вашингтон шаарында өтчү «Борбор Азия — АКШ» саммитине катышат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине президенттин басма cөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

«Президент Садыр Жапаров АКШнын президенти Дональд Трамптын АКШ жана Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын кезектеги жолугушуусуна чакыруусун ыраазычылык менен кабыл алды.

Президенттин администрациясы мамлекет башчысынын АКШга болгон иш сапарына даярдык көрүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө», — деп белгиледи Алагөзов.

Маалым болгондой, АКШнын Вашингтон шаарында «Борбор Азия — АКШ» саммити (C5+1 форматында) 6-ноябрда өтөт.

377