2025-жылы түшүмдүүлүк көрсөткүчтөрү өткөн жылга салыштырмалуу жогору болду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Дан эгиндери: жалпы 679,0 миң гектар аянттын 631,7 миң гектары же 93,0 пайызы жыйналды. Жалпы дүң жыйым 1 млн 775 миң тоннаны түздү.
Жашылчалар: 56,6 миң гектар аянттын ичинен 52,2 миң гектарында же 96,2 пайызында жыйноо иштери аяктап, жалпы 791,4 миң тонна жашылча алынган. Эң жогорку түшүмдүүлүк Чүй жана Ош облустарында байкалды.
Картошка: жалпы 64,5 миң гектардын 61,9 миң гектары (96,0%) жыйналып, дүң жыйымы 874,3 миң тоннаны түздү. Орточо түшүмдүүлүк гектарына 176,5 центнерди түзүп, өткөн жылдагы көрсөткүчтөн (172,5 ц/га) жогору болду. Ысык-Көл облусунда жыйноо иштери жалпы аянттын 95,9 пайызынын деңгээлинде аткарылды.
Бахча өсүмдүктөрү: жалпы пландалган 11,8 миң гектардын ордуна 12,2 миң гектарда жыйноо иштери жүргүзүлүп, план 103,8 пайызга аткарылды. Жалпы дүң жыйым 274,0 миң тоннаны түзүп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 41,5 миң тоннага көп. Негизги өндүрүүчү — Жалал-Абад облусу.
Техникалык өсүмдүктөр: жалпы 32,3 миң гектар аянтта жыйноо иштери уланууда. Май өсүмдүктөрү 90,3 пайыз (11,3 миң га), тамеки — 96,2 пайыз (дүң жыйымы 1,0 миң тн), пахта — 98,0 пайыз (6,3 миң га, дүң жыйымы 10,0 миң тн) деңгээлинде жыйналды. Ал эми кант кызылчасынын 53,0 пайызы жыйналып, дүң жыйымы 300,8 миң тоннаны түздү.



