7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Жалал-Абаддагы УКМКнын окуу-машыгуу борборун ачты

4
Бүгүн, 27-октябрда Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин «Альфа» атайын бөлүгүнүн окуу-машыгуу борборунун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстанда терроризмге каршы күрөшүү боюнча атайын кызмат 1992-жылдын 27-октябрында түптөлгөнүн эске салды.
“1999-жылдын август-ноябрь айларында “Альфа” атайын операциялар бөлүмү Баткен облусуна кирген эл аралык бандиттик түзүлүштөрдү жок кылуу, барымтадагыларды бошотуу жана аскер кызматчыларынын коопсуздугун камсыз кылуу милдеттерин аткарган. Тоолуу аймакта бандалык түзүлүштөрдү ыкчам издөөгө, буктурмага алуу менен жок кылууга жигердүү катышкан”, — деп белгиледи президент.
Ал бөлүк эл аралык терроризм жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүдө чоң тажрыйбага ээ экенин, экстремисттерди жок кылуу, барымтадагыларды бошотуу, ошондой эле баңги синдикатынын жана террористтик уюмдардын лидерлерин кармоо боюнча операцияларды жүргүзгөнүн баса белгиледи.
“Кызматтын өздүк курамын чыңдоо максатында заманбап техникалар, акыркы үлгүдөгү аппараттар алынып берилүүдө. Борбордун базасында Жалал-Абад облусунун күч түзүмдөрү менен жарандык коргонуу түзүмдөрү да өздөрүнүн күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу боюнча окуу-машыгууларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алышты”, — деп белгиледи Садыр Жапаров.
Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы атайын багыттагы бөлүктүн согуштук даярдыгын жогорулатуу үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышып, окуу-машыгуу борборунун имаратын көрүп чыкты.
Президент «Альфа» жоокерлеринин шарттуу террористтерди жок кылуу жана барымтадагыларды бошотуу көнүгүүлөрү боюнча тактикалык машыгууларын да көрдү.
Мындан тышкары, Садыр Жапаров бута атышуучу жерге барып, FPV-дрондор колдонулган практикалык сабактарга катышып, бөлүктүн жогорку даярдыгын жана заманбап техникалык жабдылышын белгилеп өттү.
5