Бишкектеги соода борборлорунун биринде уюштурулган шайлоо участогунда мамлекет башчысы тесттик добуш берүүгө катышты. Паспортунун жардамы менен онлайн идентификациядан өткөндөн кийин система анын шайлоо округун жана участогун аныктап, бюллетень берди. Президент шарттуу талапкердин каршысына белги коюп, бюллетенди урнага салды.
Тест учурунда система кайталап добуш берүүнүн алдын алуу механизмин да көрсөттү: башка участоктон онлайн идентификациядан өтүүгө аракет кылганда, программа бул шайлоочу добуш берип бүткөнүн билдирип, бюллетень берген жок.
Ал Борбордук шайлоо комиссиясына жана тиешелүү мамлекеттик органдарга бардык шайлоо участкаларынын, анын ичинде аралыктан добуш берүү пункттарынын үзгүлтүксүз ишин камсыздоону, ошондой эле жарандардын шайлоого катышуусун жогорулатуу максатында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.
Буга чейин ушундай тесттер быйылкы жылдын 10 жана 20-октябрында да өткөн. Анын максаты — жарандарга жаңы аралыктан добуш берүү системасы менен таанышууга жана анын ишенимдүүлүгүнө, ыңгайлуулугуна ынанууга шарт түзүү болуп саналат.



