7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: «Мэриянын кызматкерлери 43 миллион сомду мыйзамсыз жок кылышкан»

521

Бишкек шаарынын мэриясынын кызмат адамдары 43 миллион сомдон ашык бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз өзүнө ыйгарып алган. Бул  тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Бишкек шаардык кеңешинин жана Бишкек шаардык администрациясынын жооптуу кызматкерлерине карата, КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмү (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) кылмыштын белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып сотко чейинки өндүрүш иши козголгон.

Такталгандай, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты жана Бишкек шаардык мэриясынын кызмат адамдары, бюджеттик каражаттарды үгүт иштерине жана жеке кызыкчылыктарга жумшоо максатында, Бишкек шаарынын мэриясынын 2020-жылдын 8-июнундагы №60-«Бишкек шаарында жарандык демилгелердин долбоорлорун ишке ашыруу тартиби жөнүндө Убактылуу жобону бекитүү жөнүндө» токтомун кабыл алуу менен бюджеттик каражаттарды эсептен чыгаруу жөнүндө, 2020-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында мыйзамсыз механизм түзүлгөн. Ошол эле учурда, бул жарандык долбоорлор жалаң гана БШКнин жана Бишкек шаарынын мэриясынын жооптуу кызматкерлеринин демилгеси менен ишке ашырылып, натыйжада 43 миллион сомдон ашык суммадагы бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз өзүнө ыйгарып алуу иштери жүргүзүлгөн.

Ошондой эле, долбоорлорду ишке ашырууну Бишкек шаарынын мэриясы эмес түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан ишке ашырылган. Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

522