7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Байсалов Бразилияда өтүп жаткан дүйнөлүк лидерлердин климаттык саммитине катышууда

29

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Белем шаарында (Бразилия) өтүп жаткан БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптардын 30-конференциясынын (COP30) алкагында өтүп жаткан дүйнөлүк лидерлердин климаттык саммитине катышууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Эдил Байсалов өз сөзүндө Кыргызстан чектелген ресурстарга карабастан, 1990-жылдан бери парник газдарынын эмиссиясын кыскартуу боюнча дүйнөлүк лидерлердин бири болуп саналарын белгиледи. Ал өлкөнүн жаңыланган Улуттук аныкталган салымын (УАС-3) – 2030-жылга чейин эмиссияны 18%га, ал эми эл аралык колдоо менен 30%га чейин кыскартууну, ошондой эле 2050-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугу концепциясын ишке ашырууну улантууга умтуларын ырастады.

«“Баку – Белен” жол картасында белгиленгендей, тоолуу экосистемалар суу, биологиялык ар түрдүүлүк жана маданий мурас үчүн өтө маанилүү, бирок эң аз каржыланган бойдон калууда. Кыргызстан алардын өзгөчө статусун бекитүүгө жана тоолуу аймактарды адаптациялоо жана туруктуу өнүктүрүү программаларын приоритеттүү каржылоону камсыздоого чакырат», — деп билдирди Эдил Байсалов.

Ал тоолуу рельефи бар өлкөлөргө климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо, анын кесепеттерин жумшартуу жана жашыл экономиканы өнүктүрүү үчүн эл аралык колдоо керектигин баса белгиледи.

Эдил Байсалов ошондой эле Кыргыз Республикасы 2027-жылы Бишкекте Тоолор боюнча экинчи глобалдык саммитти өткөрөрүн эске салды — бул биринчи саммиттен 25 жыл өткөндөн кийин, — жана бардык өлкөлөрдү БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын алкагында тоолор жана климат боюнча туруктуу диалог түзүү демилгесин колдоого чакырды.

29