7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токмок шаарынын экс-мэри Максат Нусувалиев 13 жылга эркинен ажыратылды

13

Токмок шаарынын мурдагы мэри Максат Нусувалиевди 13 жылга эркинен ажыратылды. Ошондой эле үй-мүлкү конфискациялоого алынат. Мындай чечимди Октябрь райондук соту чыгарды.

Соттун маалыматына караганда, ал КР Кылмыш-жаза кодексинин коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелеринде каралган кылмыш беренелери  боюнча айыпталган.

Ал мүлкүн конфискациялоо жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштөө укугунан ажыратуу менен 13 жылга эркинен ажыратылды.

Ошондой эле мэриянын эки мурдагы кызматкери 12 жылдан, ал эми подрядчы компаниянын жетекчиси 11 жылга кесилген.

Белгилей кетсек, жогорудагы кызматкерлер коррупцияга шектелип, УКМК тарабынан кармалган.

14