7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик салык кызматы ЖК депутаттыгына талапкерлерге “салык нормаларын” эскертти

122

Мамлекеттик салык кызматы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге салык мыйзамдарынын нормалары жөнүндө эскертет.

Ага ылайык, талапкерлердин ишенимдүү адамынын, байкоочунун, өкүлдүн милдеттерин аткаргандыгы же үгүт кызматтарын көрсөткөндүгү үчүн шайлоо өнөктүктөрүн өткөрүү мезгилинде талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунан жеке жактар тарабынан алынган каражаттарга киреше салыгы салынбайт.

Мындан тышкары, шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде үгүтчүлөрдүн иши патенттик негизде салык салынуучу иш түрлөрүнүн тизмесине кирбейт.

Дагы бир маанилүү жагдай — «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча тарифтер жөнүндө» мыйзамга ылайык, үгүтчүлөрдүн, байкоочулардын жана ишенимдүү адамдардын алган кирешелери жана сый акысы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулат.

Белгилей кетсек, жогоруда көрсөтүлгөн кирешелерди салык салууда Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын жоболоруна ылайык иш жүргүзүү зарыл.

123