7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте документтери жок уюлдук телефондор сакталган кампа табылды

235

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы рейддик салык көзөмөлүнүн жүрүшүндө келип чыгышын тастыктаган баштапкы документтери жок уюлдук телефондор жана башка түзүлүштөр сакталган кампа аныкталды. Бул тууралуу салык кызматы билдирди.

Кампанын имаратын текшерүү учурунда баштапкы документтери жок 487 даана уюлдук телефон, 1 929 куту зымсыз гарнитура, 408 даана зым жана кабелдер, 9 даана планшет табылды.

Аталган товарлар боюнча тиешелүү актылар түзүлдү. Учурда Салык кызматкерлери бул товарлардын келип чыгышын аныктоо боюнча иш алып барышууда, тактап айтканда, өлкө аймагына мыйзамсыз импорттоонун белгилери бар же жок экендигин текшерүүдө.

236