7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акыркы беш жылда жол кырсыктарында каза болгондордун саны эки эсеге азайды

25

Акыркы беш жылда жол кырсыктарында каза болгондордун саны эки эсеге азайды.

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасаганда билдирген.

2021-жылдан бүгүнкү күнгө чейин 3818 адам жол кырсыгынан каза тапты. 2014-жылдан 2020-жылга чейин унаа кырсыктан каза болгондордун саны 6159 адамды түзгөн.

Бирок бүгүн дагы деле айдоочулар жол эрежесин сактабаган үчүн унаа кырсыктары көп болуп жатат.

«Көрсөткүч эмнеге азайды десеңер колдон келген катуу чараларды көрүп жатабыз. Дагы катуулатышыбыз керек.

Жаракат алгандардын саны 2014-жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин 121 896 адам. Согушта да мындай болбойт да.

Бизге билинбеген менен авто кырсыктан өлкөдө согуш жүрүп жаткандай адамдарыбыз өлүп жана жаракат алып жатышат десек болот.

Өлгөн жарандарыбызды жоготконубуз аз келгенсип, жаракат алып майып болуп калгандарды багып жатабыз. Албетте, мунун баары мамлекетибизге оор залакасын тийгизип жатат.

Ошондуктан мындан ары айдоочулук күбөлүктү эч ким сатып ала албайт. Мурда сатып алгандар эреже бузуп кармалса, экзамен тапшырууга кетет. Мунун эмнеси жаман?

Эрежелерди билбегендер же унутуп калгандар болсо кайра жаттап алышат. Авто кырсыктын баарын эреже менен айдабагандар жасап, адамдардын өлүмүнө алып келип жатышат», — дейт өлкө башчы.

 

26