7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Барс» клубу 61 упай менен 70 миң доллар байгени жеңип алды

24

8-ноябрь күнү өлкөнүн башкы чемпионаты 2025-жылкы Премьер-лигасынын жыйынтыктоочу — 26-турунун борбордук беттештери өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

 Аталган турдун алкагында Көлдүн “Барсы” 2-1 эсебинде Кыргызстандын футбол премьер-лигасынын эсебинде чемпиону аталды. Турнир Караколдун «Ынтымак Арена» стадионунда өттү. Анын курамында улуттук курама командасынын бир катар оюнчулары — Валерий Кичин, Мирлан Мурзаев, Кайрат Жыргалбек уулу, Фархат Мусабеков, Бекжан Сагынбаев, Айзар Акматов жана Саид Дациев бар.

 

“Барс” клубу быйылкы сезондо 61 упай топтоп, премьер-лигада алгачкы ирет чемпион болду. Эске салсак, бул команда былтыр эле түзүлгөн.

Белгилесек, быйылкы жылы 14 клубдун катышуусунда орун алган чемпионаттын жыйнтыгы акыркы турга чейин созулуп, өзгөчө көрккө ээ болду.

Чемпиондук үчүн “Барс” 70 миң доллар байгени жеңди.

Экинчи орунду 60 упай менен “Мурас Юнайтед” ээледи — аларга 50 миң доллар ыйгарылды.

Үчүнчү орунга 54 упай топтогон Канттын “Абдыш-Атасы” чыгып, 30 миң доллар сыйлыкка ээ болушту.

 

25