7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шайлоо-2025: Жалпы 34 өлкөдө, 89 шаарда шайлоо тилкелери ачылды

332

Бүгүн күндө чет өлкөлөрдө 100 шайлоо тилкеси ачылды. Бул тууралуу брифингде Консулдук департаменттин директорунун орун басары Алмаз Байбосов билдирди.

Анын айтымында, шайлоо тилкелери 34 өлкөдө жана 89 шаарда ачылды.

«Мурдагы шайлоолордо 59 шайлоо тилкеси ачылган, азыркы шайлоодо 41 шайлоо тилкесине көп ачылды. Бул рекорддук сан. Мамлекет чет өлкөлөрдөгү жарандардын шайлоого катышуу укуктарын камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат», — деди ал.

Байбосов Кыргызстандын жарандары эң көп болгон Россияда 40 шайлоо тилкеси, анын ичинде Москва шаарында — 7, Екатеринбург, Новосибирск, Красноярск сыяктуу башка ири шаарларда экиден шайлоо тилкеси ачылганын белгиледи.

«Ошондой эле Түркияда 8, Казакстанда 7, АКШда 6, Кореяда 4, Италияда 3 шайлоо тилкеси ачылды. Германия, Кытай, Сауд Арвия жана Бириккен Араб Эмираттарында 2ден, калган өлкөлөрдө бирден шайлоо тилкелери ачылды», — деди ал.

Байбосов бүгүнкү күнгө карата чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөр тилкелерде шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн бекитүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

333