7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

БШК: 147 млн. сом шайлоо төгүмү катары бюджетке которулду

23
Кезексиз парламенттик шайлоого катышууну каалаган 507 жаран 300 миң сомдон шайлоо төгүмүн которду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирген.
Бирок БШК 467 жаранды гана талапкер катары каттаган. Жылкыбаев шайлоо төгүмүн төккөн ортодогу 40 адамдын акчасы кайтарылбай турганын белгиледи.
«Аларды БШК каттабай койгону менен акчасы берилбейт. Мыйзамда андай механизм да каралбаптыр. Кылмыш иши бар же чет элде жүрүп алганы өздөрүнүн күнөөсү да. Бул тууралуу талапкерлерге алдын ала айтылган», — деди БШК мүчөсү.
Ал шайлоо төгүмү катары чогулган 147 миллион сом республикалык бюджетке которулганын кошумчалады. Мында I, II топтогу майыптар 50 миң сомдон, III топтогулар 70 миң сомдон которушкан.
Шайлоого катышуу ниетин билдирип жалпы 589 адам арыз таштаган, БШК 122 жаранды каттаган эмес. Алардын ичинде өзү баш тарткандар да бар.
24