7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкө аймагында 81 миң 640 гектар аянтта күздүк эгиндер айдалды

23

10-ноябрга карата өлкө аймагында 81 миң 640 гектар аянтта күздүк эгиндер айдалып, жалпы иштердин 33 пайызы аткарылды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, 2026-жылдагы түшүм үчүн республиканын аймагында күздүк эгиндерди айдоо жалпы 250 миң гектар аянтка пландалган.

Күздүк эгиндердин негизги түрлөрүн күздүк буудай жана арпа түзөт. Айдоо иштери учурда бардык аймактарда жүрүп жатат. Айыл чарба техникалары жана үрөн материалдары толук көлөмдө тартылып, жер иштетүү иштери оптималдуу агротехникалык мөөнөттөрдө аткарылууда.

Облус боюнча көрсөткүчтөр төмөнкүдөй:

  • Ош облусу — 20 пайыз;
  • Баткен облусу — 23 пайыз;
  • Жалал-Абад облусу — 18 пайыз;
  • Талас облусу — 32%пайыз;
  • Чүй жана Ысык-Көл облустары — 42 пайыз.

Күздүк эгиндерди себүү иштери ноябрь айынын аягына чейин толук аякташы күтүлүүдө.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан жергиликтүү бийлик органдары жана дыйкандар менен биргеликте себүү сапатына, жердин нымдуулук режимине жана агротехникалык талаптардын сакталышына өзгөчө көңүл бурулууда.

24