7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жаран кармалды

144

Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-ноябрда 2016-жылдан бери Интерпол линиясы боюнча изделип жаткан 1992-жылы туулган У.С. аттуу чет өлкөлүк жаран “Коопсуз өлкө” тутумуна кошулган жүздү таануу видеокамерасынын жардамы менен кармалган.

Аталган жаран Молдова Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинде (зордуктоо) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн аталган өлкөнүн Ички иштер министрлигинин демилгеси боюнча эл аралык издөөдө болгон.

Алынган маалымат боюнча, 2014-жылы шектүү У.С. жашы жете элек кыздын эркине каршы зордуктоо менен физикалык зомбулук көрсөткөн.

Кармалган жаран Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мындан аркы чараларды көрүү үчүн Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин тергөө кызматына жеткирилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

145