Кечээ ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Азенбек Козукеев Бишкек шаардык кайгуул кызматынын кечки нускамасына катышып, коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында тиешелүү нускамаларды жана ИИМдин буйруктарын кызматкерлерге жеткирди.
Айрыкча түнкүсүн шаар тургундарына тынчтык бербей, автожарыштарды уюштурган, катуу ылдамдыкта унаа башкарган жана жол кырсыктарына себеп болгон айдоочуларга көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле мас абалында унаа айдаган айдоочуларга карата жазаларды күчөтүү тапшырмасын берди.
Мындан тышкары, кызматкерлердин ишин жогору баалап, мындан ары да жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча рейддик жана профилактикалык иш-чараларды күчөтүү керектигин баса белгиледи.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



