7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ямайкага гуманитардык жардам алып бара жаткан АКШ учагы кулап түштү

233

Ямайкага гуманитардык жардам алып бара жаткан америкалык учак АКШнын Флорида штатында турак үйдүн короосуна кулап түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, “Beechcraft King Air” жеңил учагы Корал-Спрингске кулап түшкөн учуру байкоо камерасына түшүп калган. Кадрларда анын турак-жайды талкалап, дарактарды жана тосмону бузуп, андан кийин көлгө кулап түшкөнүн байкоого болот.

Учактын ичине 7-9 жүргүнчүнү батат. Басылманын журналисттеринин айтымында, учурда суучулдар көлдөн учкуч менен жүргүнчүлөрдү издеп жатышат. Азырынча жабыркагандар тууралуу алдын ала маалымат жок.

Учак “Мелисса” бороонунан олуттуу зыян тартканы айтылууда.

234