7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто чек арачыларга жаңы кызматтык батирлер тапшырылды

24

Бүгүн, 11-ноябрда Ош облусунда чек арачыларга жаңы кызматтык батирлердин ачкычтарын тапшыруу салтанаттуу аземи өттү. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирет.

Жаңы турак жай комплекси УКМК Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын «Карамык» тоолуу жана алыскы чек ара заставасынын аймагында курулган.

Заманбап кызматтык үй 18 бир бөлмөлүү жана 2 эки бөлмөлүү батирден туруп, аскер кызматчыларына жана алардын үй-бүлөлөрүнө жашоого ыңгайлуу шарттарды камсыздайт.

Жашоо үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды камсыздоо максатында комплекс аймагында балдар аянтчасы, спорт аянтчасы, көмүр кампасы бар казанкана жана трансформатордук подстанция курулган.

Мындан тышкары, суу сактагыч резервуарлар, анын ичинде өрт коопсуздугу үчүн сактагыч жана саркынды сууларды агызуу системасы каралган.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

25