7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ChatGPT журналисттердин төрттөн үч бөлүгүнөн акылдуурак болот

249

Жасалма интеллект Дарвиндин түшүнө да киргис деңгээлге жетип, өнүктү. Мындай пикирин Sputnik Кыргызстандын социалдык тармактар боюнча шеф-редактору нейротармактардын жаңы мүмкүнчүлүктөрү жана жараткан маселелерине токтолуп жатканда айтты.

Асель Минбаева эгерде жаңы келген кызматкерлер жасалма интеллектини колдонсо, каршы болбостугун айтты.

«Эгер ал чатGPTни өзү үйрөтүп, ага өзүнүн аракетин кошуп, эмгек кылса, анда ал кандай мыкты адис экенин түшүнөбүз. Бизге так ушундай адамдар керек», — деген ал КМШнын алкагында өтүп жаткан «Чалкеш замандагы медианын өнүгүшү» деп аталган медиафорумда.

Минбаева ЖИнин ката кетирген жерлерин кошпогонун эске албаганда, тездик менен өнүгүп жаткандыгына токтолуп, жакында ал «журналисттердин төрттөн үч бөлүгүнөн акылдуурак болот» деген пикирин кошумчалады.

250