7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен калкына арзан көмүр жеткирилди

353

Баткен шаарынын жана Баткен районунун калкына арзан көмүр жеткирилди.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, ушул тапта Баткен шаарынын көмүр сатуучу түйүндөрүнө жана Баткен районунун айыл аймактарына, Сүлүктү шаарындагы көмүр кендеринен көмүр жеткирилип, элге базар баасынан арзан сатылууда. Тагыраагы, бир килограмм көмүрдүн баасы 7,50 тыйынды түзөт.

Белгилей кетсек, буга чейин облус башчысы Айбек Шаменов Сүлүктү шаарындагы көмүр шахталарынын ээлери менен жолугуп, калкка арзан көмүрдү шахта ээлери ортомчусуз, түз жеткирүү кызматын көрсөтүү керектигин айткан.

Натыйжада кен казуучулар тарабынан, Баткен шаарына жана Баткен районуна жакынкы аралыкта 20 чоң унаада көмүр жеткирилери маалым болгон.

Ага ылайык жер жерлерде калкты арзан көмүр менен камсыздоо максатында жалпы облус боюнча 64 көмүр сатуу түйүндөрү уюшулган.

354