7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

COVID-19. Бир суткада 265 бейтаптан илдет аныкталып, экөө көз жумду

628

Кыргызстанда 17-апрелге карата коронавирус дагы 265 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 148, Чүй облусунда – 80, Ош шаарында – 3, Ош облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 12, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 6, Баткен облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 6 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 152 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 92, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 43, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 10 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1130 бейтап, амбулатордук түрдө 1223 адам дарыланууда. 779 бейтаптын абалы орто оордукта, 287 адамдын абалы оор жана 38 бейтап өтө оор абалда экендиги кабарланды.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 350 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 264 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 91 миң 639 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 86 миң 773 киши айыгып чыкса, 1 миң 546 адам каза болду.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

629