7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын адиси 33 жашында каза болду

9606

Журналист Тойгонбаев Майрамбек Осмоноалиевич 33 жашында, бүгүн 17-апрелде оорудан улам  көз жумду.  Бул тууралуу  журналистикадагы тааныштары жазып чыкты. 12-апрелде инсульт алып, Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Акыркы жылдары Майрамбек Тойгонбаев Жогорку Кеңештин маалымат кызматында эмгектенген. Ага чейин Коомдук телерадио корпорациясында кабарчы болуп иштеген, “Шок-факт”, “Протокол” көрсөтүүлөрүнүн алып баруучусу, редактору катары таанылган Тойгонбаев Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын маалымат катчысы болуп да эмгектенген.

Ал 1987-жылы 29-апрелде Нарын облусунун Ат-Башы районунун Большевик айылында туулган. Эки эркек, бир кыздын атасы.

Маркумдун сөөгү өзү туулуп өскөн айылга коюлат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

9607