7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Элдик табып «уу коргошун» менен 1 келинди куткарып, өзү өлүп кала жаздаган

15850
         Ташбү Жамиловна (Каразакова) аттуу элдик табыпты интернет желесинде көпчүлүк жакшы тааныйт. Ал элдик ыкмалар, чөптөрдү колдонуу тууралуу өз тажрыйбасын байма-бай жазып келген. Бул ирет «уу коргошунду»  колдонуудагы тажрыйбасы менен бөлүштү.
                                               Ар бир дары чөп, өз өлчөмүндө болсо , дарылыгы болот.
                                                                         (Билдирүү өзгөртүүсүз сунушталат)
2012- жылы кабыл алуума 4 стадиядагы боордон рак болгон өзбек келинди алып келишти.
Анализдерин көрдүм ,больница алып кете бергиле дептир. Аялымдын көңүлү үчүн алып келдим ,эже убара болбой эле коюңуз деп айтты күйөөсү.
Апасы боздойт , ыйлайт бир чарасын кылыңыз , өлсө сизден көрбөйбүз деп.
Ойлонуп отуруп дарылоого уу коргошунду да коштум.
Өзүм өлчөп ,тамчылатып , график менен ичирип жаттым.
Өлөт деген келин ,кудайдын амири менен айыгып кетти.
Бутылкадагы ашканын бөлмөмө ,сыртына пакет кийгизип коюп койдум. Кызым келип , үй жыйнап ,пакетти алып салып ,менин уктоочу жайымдын жанында ичүүчү суулардын жанына коюп коюптур.
Мен билбеймин аны.
Таң атайын дегенде ,суусап ( кечинде чайханадан аш жегенмин) караңгыда колумду узатып бакалажканы алып оозун ачып ( карабай эле иччү элем) бир эле уурттадым.
Башкача даам.
Жарыкты күйгүзүп ,Тагаевке тур кеттик больницага мен Уу коргошун ичип алдым деп 5 минутага жетпей жөнөдүк.
АДОго бардык,врачтар дароо ашказанды жарым чака суу ичирип кайра кустуруп жуушту.
Шалдырап алсыз боло баштадым. Баары эле үнсүз мени тиктешет.
Таң атты, реанимацияга алып барышты.
Врачтар болгон аракетин жасап жатышты.
Денем бөлүк бөлүгү менен катып баратты.
Сактап калгыла деп кыйкырам, үнүм деле чыкпаптыр көрсө.
Бир сутка капельницада болдум.
Ичим кара жашыл болуп өтүп кетти.( Өткөнү жакшы экен ,уу чыгып кетиптир).
Давление 30 га түштү.
Бир врач ,2 медсестра сутка жанымдан жылган жок.
Ички органдарым өз өзүнчө катып баштаганы билине баштады. Муундарым небак катыган.
Кудайымдан шыпаа келип ,кайра жибип жумшара баштадым. Давление акырын 35-40-45 боло баштады. Заара чыгып баштады. Организм уудан тазалана баштады деп врачтар сүйүнүп башташты.
Арасында ошончо милиция,же аларга сүйлөй албаймын.
Оозу ,мурдума , заарага бүт шланг коюп салышкан.
Сутка болгондо давление 60 болду, бөйрөк иштеп кетти.
Кийин врачтар айтат бөйрөк иштеп кеткени жакшы болду , ай ай эже болбой калат окшойт дедик эле дешкен.
Ошондо бөйрөгүм повреждение болгон экен ,азыр слабо иштейт.
Жүрөгүмө ,нервке да таасир эткен ,азыр билинет.
Кудайыма чексиз шүгүр, шүгүр ,кайра төрөлүп жашап жатамын.
Ошол күндөн баштап менин жашаган ар бир секундум ,кудайымдын мага берген белеги.
Ыраазымын жаратканга.
Анты болот дары чөптүн:
Жанылтаармын ,жаздыраармын бир керегиңе жараармын деген.
Андан кийин сууга кайнатып ,эрежеси менен көп эле ичтим.
Дарыгердин көзөмөлүндө ичүү керек.
Ичүүнүн эрежеси бар ,аны сактоо керек.
Өз алдынча ичүүгө болбойт.
Органдарды абайлагыла!
Дозасын сактоо керек.
Мен өз ишимде пайдаланбаймын аны, кооптуу эмес —андан жакшы дары чөптөр бар,ошолорду пайдаланамын.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

15851