7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Манаста отканалардын бири пропан менен иштөөгө өттү

14

Манас шаарындагы №14 откана пропан газы менен (суюлтулган газ) иштөөгө өткөрүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Бүгүн мэр Эрнисбек Ормоков аталган отканага барып, пропан газы менен иштеп жаткан откананын ишмердүүлүгү менен таанышты. Анын жүрүшүндө тиешелүү жетекчилерге шаардагы башка отканаларды, жаңы курулуп жаткан объектилерди жылытууну пропанга өткөрүү жагын карап чыгуу тапшырмасын берди.

Ошондой эле имараттарды пропан менен жылытуу экологиялык жактан гана пайдалуу болбостон электр энергиясын, акча каражатын да үнөмдөөгө чоң салым кошо тургандыгын белгиледи.

Учурда №14 откана 10 көп кабаттуу үйдү, бир бала бакчаны жана бир үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын жылуулук менен камсыздап жатат. Адистер аталган откана өткөн жылы мазут жана жаратылыш газы менен иштеп (жаратылыш газы күн суук мезгилдерде тартыш болуп өчүрүлөт), ага 9 млн. сомдой каражат сарпталганын, ал эми быйыл пропан менен бул каражат эки эсеге чейин кыскарып, 4,5 млн. сом сарпталышы пландалып жатканын айтышууда.

Белгилей кетсек, пропан менен иштөөчү откана Кыргызстанда алгачкылардан болуп Манас шаарында ишке киргизилди. Алдыда бул технологияны өлкөнүн башка аймактарына да жайылтуу пландалууда.

15