7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Россия КМШ өлкөлөрүн, мыйзамсыз мигранттарын чыгарып кетүүгө чакырды

1601

Россиянын тышкы иштер министрлиги Орто Азия мамлекеттерин, Россиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн 1 млнго жакын мигранттарды 1-июнга чейин чыгарып кетүүгө чакырды. Бул тууралуу Парламенттер аралык шериктештик ассамблеясында РФ ИИМдин башчысы Александр Горовой айтканын «РИА новости» жазды.
«Эгерде 15-июнга чейин алып чыгып кетпесе, президенттин жарлыгына ылайык, Россиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн 1 млнго жакын мигранттар чек арадан чыгарылганга чейин жазага тартылат. Ошондуктан сиздер үгүт иштерин жалпыга маалымдоо каражаттары, блогерлер аркылуу жүргүзүп, чыгарып кетишиңиздерди каалайм ”, — деп билдирген Горовой.
Июнь айынын ортосуна чейин пандемияга байланыштуу киргизилген мараторий күчүндө болот. Тактап айтканда ушул аралыкта Россиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн жарандар өз алдынча өлкөдөн чыгып кетсе, эч кандай жаза каралбайт.

Ички иштер министрлигинин статистикасына ылайык Россиянын аймагында Орто Азия өлкөлөрүнөн 1млндон ашуун мигрант мыйзамсыз жашайт.
Өзбекистандан 332 миң,
Таджикистан 247 миң,
Украина 152 тыс,
Азербайджан 120 миң,
Кыргызстан 115 миң,
Армения 61 миң,
Молдавия 56 миң,
Казахстан 49 миң.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1602