7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстан Кыргызстандан мал алууга кызыктар

1165

Өзбекстан Кыргыз Республикасынан мал ташууга кызыктар. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков менен жолугушууда билдирди.
Учурда КРнын аймагынан мал-жандыктарды экспорттоого убактылуу тыюу салынгандыгына байланыштуу, коңшу мамлекет киргизилген чектөөнүн мөөнөтүн кыскартууну суранган.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин тараптар жеткирүү шарттарын түзүү үчүн импорттоочулардын жана экспорттоочулардын тизмесин алмашууну макулдашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Өзбекстандын техникалык жардамы менен Кыргызстандын аймактарында күнөскана жана бакча куруу маселеси көтөрүлгөндүгү да маалым болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1166