7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алмазбек Бейшеналиев баштаган делегация иш сапары менен Россияга барды

506

КР билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев баштаган делегация иш сапары менен Россияга барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Иш сапарынын алкагында билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Россиянын илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулады.

Алмазбек Бейшеналиев учурда Россиянын ЖОЖдорунда 16 миңдей кыргызстандык студент билим алып жатканын белгилеп, Кыргызстан жогорку билим берүүдөгү эки тараптуу кызматташуунун дагы да өнүгүшүнө кызыкдар экендигин билдирди.

“Кыргызстанда мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө келечектеги кесипке багыт берүү иш-чараларынын алкагында өткөрүлүп келген, салтка айланып калган орусиялык ЖОЖдордун жарманкеси көпчүлүк студенттердин кесип тандоосундагы бир тепкич болуп калды. Албетте, ЖОЖдогу ийгиликтүү окуу кесиптик ийгиликке жол ачат”, – деди Бейшеналиев.

Кыргызстандык бүтүрүүчүлөр Россиянын ЖОЖдоруна КМШнын, чет жакта жашаган мекендештердин иштери жана эл аралык гуманитардык кызматташтык боюнча федералдык агенттиктин (“Россотрудничество”) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү аркылуу тапшырышат. Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн жыл сайын 375тин тегерегинде бюджеттик орундар бөлүнөт. Ал эми Россиянын ЖОЖдоруна тапшырууну каалагандардын саны 3 миңден ашат.

Бейшеналиев жолугушуулардын жүрүшүндө квоталардын санын 750гө чейин көбөйтүү маселесин карап чыгууну сунуштады. Алардын ичинен 200 орун педагогикалык адистиктерге, 50 орун жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга бөлүнмөкчү.

Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшүндө Бейшеналиев эки өлкөнүн жогорку билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыгын кеңейтүү максатында бир катар маселелерди карап чыгууну сунуштады:

  • Кыргыз-орус илимий фондун түзүү (Биргелешкен илимий-изилдөө иштерин каржылоого багытталган мындай фонддун түзүлүүсү эки өлкөнүн илим тармагын колдоого жана өнүктүрүүгө жаңы дем берип, ошол эле учурда Орто Азияны изилдөөгө кызыккан орусиялык окумуштууларга атайын аянтча болуп бермекчи);
  • Биргелешкен билим берүү программаларын жана кош диплом программаларын ишке ашыруу боюнча кызматташтыкты кеңейтүү;
  • Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик окуу жайларында билим алган студенттер үчүн Россиянын ири шаарларында жайгашкан окуу жайларда практика өтүүнү уюштуруу;
  • Эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосунда студенттердин жана профессордук-окутуучулук курамдын академиялык мобилдүүлүк ишин күчөтүү;
  • Эки өлкөнүн таланттуу студенттери үчүн биргелешкен жайкы лагерлерди уюштуруу;
  • Билим берүүнү санариптештирүү, жаңы көйгөйлөргө жогору технологиялык чечимдерди табуу үчүн билим берүүнү санариптик башкаруу системаларын киргизүү иштеринде кызматташуу жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

507