7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Филиппинде тайфундун кесепетинен 297 жаран каза болду

346

Филиппинде ноябрь айынын биринчи жарымында болгон “Калмаэги” жана “Фунг-Вонг” тайфундарынан каза болгондордун саны 297 адамга жетти. Бул тууралуу PNA агенттигине таянып, ТАСС билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, “Калмаэги” тайфунунан өлкөнүн борбордук бөлүгүндө жайгашкан Себу аралынын 269 тургуну каза тапкан. Ал эми “Фунг-Вонг” тайфуну 9 провинциядан 28 адамдын өмүрүн алган. Ошондой эле жалпысынан алганда, 575 адам жаракат алып, 115 адам дайынсыз жоголгон деп эсептелүүдө.

“Калмаэги” тайфуну Себу аралынын шаарларын катуу жабыркатып, нөшөрлөгөн жаан көчөлөрдү суу алдында калтырган. 53 калктуу конушта өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Андай кийин өлкөнү “Фунг-Вонг” супер тайфуну каптап, 1,4 миллиондон ашык жаран эвакуацияланган. Шамалдын кесепетинен электр линиялары жабыркап, 12 аймакта 3 миллионго жакын абонент жарыксыз калган.

347