7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Массалык башаламандыкка чакырык таштаган деструктивдүү күчтөрдүн мүчөсү кармалды

18

Массалык башаламандыкка чакырык таштаган деструктивдүү күчтөрдүн мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Instagram» жана «Threads» социалдык тармактарында белгилүү «predator4407» аккаунтунун администратору — 1979-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны А.Д.С. аныкталып, ал КР чегинен тышкары жайгашкан деструктивдүү күчтөрдүн лидерлери менен байланышта болуп, алардын көрсөтмөлөрүнө ылайык, акыркы учурларда бийликти күч менен басып алуу максатында массалык башаламандык уюштурууга чакырыктар жазылган деструктивдүү мүнөздөгү постторду жана комментарийлерди жарыялоону күчөтүп, ошондой эле мамлекеттик органдардын айрым жетекчилери жөнүндө жашыруун маалыматтарды чогултуп келген.

Мындан тышкары, А.Д.С. өлкө жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатка карата жарандардын арасында терс пикирлерди жана нааразычылыкты жасалма түрдө жаратуу максатында Instagram жана Facebook социалдык тармактарында 20дан ашык жасалма аккаунт түзүп, алардын жардамында жалпыга маалымдоо каражаттарындагы учурдагы жаңылыктардын астына атайылап провокациялык комментарийлерди калтырган.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 327-беренеси (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакыруу) боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында А.Д.С. КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынды жана конституцияга каршы аракеттерди көздөгөн деструктивдүү күчтөрдүн башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары уланууда.

КР УКМК массалык башаламандыкка, бийликти күч менен басып алууга, улуттар аралык, аймактар аралык кастыкты козутууга чакырган анонимдүү жана жасалма аккаунттарды колдонуу менен жалган жана провокациялык маалыматтарды тараткандыгы жана жарыялагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.

19