7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алмамбет Шыкмаматов: 2026-жылдан тарта KEZET жаңы электрондук эсепке алуу модулу киргизилет

20

Салык кызматы реформанын экинчи этабына өтүүдө. Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов салык системасын мындан ары реформалоо боюнча пландары тууралуу айтып берди.

«Президентибиздин тапшырмасы менен бир жыл мурун салык салуу тутумун масштабдуу реформалоону баштадык. Садыр Нургожоевич ишкерлер үчүн салык жол-жоболорун болушунча жөнөкөйлөтүү жана бизнес менен мамлекеттин кызыкчылыктарынын ортосунда тең салмактуулукту сактоо боюнча алдыбызга так милдет койгон. Реформанын биринчи этабы дээрлик аяктады. Анын жыйынтыгы менен көптөгөн товарлар үчүн ЭТТК жоюлуп, кассалык аппараттарды милдеттүү пайдалануу жокко чыгарылды, процесстерди санариптештирүү тездетилип, жалпысынан салыктык башкаруу жөнөкөйлөтүлдү. Жол-жоболорду ыңгайлуу жана ачык-айкын кылып, бюрократиялык жүк азайтылды, отчет берүү жана салык төлөө жеңилдетилди. Ошону менен катар Салык кызматынын өзүндө да ички кайра уюштуруу иштери жүргүзүлдү. Реформанын биринчи этабынын, жаңы башкаруучулук чечимдердин ийгиликтүү ишке ашырылышын цифрадан билсек болот. Алсак, 2025-жылга салык боюнча жылдык план 268 млрд сом өлчөмүндө бекитилген. Салык кызматы аны 11 айда 30 млрд сомго ашыгы менен аткарды.

Реформанын экинчи этабы жаңы жылдык майрамдардан кийин башталат. Анын негизги элементи катары KEZET жаңы электрондук эсепке алуу модулун киргизүү болмокчу. Анда салык инспекторун жасалма интеллект модулу алмаштырат. Адам фактору толугу менен жокко чыгарылат. KEZETтин жардамы менен биз ар бир товардын жүгүртүлүшүн – өндүрүштөн же импорттон тартып кассадан чек чыкканга чейин байкай алабыз.

KEZET мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жаатында мыктылардын бири катары таанылган эстониялык чечимдердин негизинде түзүлгөн. KEZET инспектордун ишиндеги субъективдүүлүктү четтетүүгө, отчеттогу айырмачылыктарды автоматтык түрдө аныктоого, текшерүүлөрдүн санын болушунча азайтууга жана коррупциялык тобокелдиктерди толугу менен жоюуга мүмкүндүк берет.

 KEZETти тесттик ишке киргизүү 2026-жылдын январь айына пландаштырылды. Адаптациялоо, окутуу жана процесстерди жөнгө салуу жарым жылга созулат. Май айында инспекторлордун штаты кыскартыла баштайт, анткени контролдук функциялар тутумга өтөт. Биринчи этапта 500 кызматкер, жарым жылдан кийин дагы 500 кызматкер кыскартылат. Азыр бизде 3 400 салык кызматкери бар, бир жылдан кийин миңге азайтылмакчы.

Мындай масштабдуу кыскартуу контролдун азайышына алып келбей тургандыгын баса белгилей кетүү керек. Тескерисинче, бул кыйла натыйжалуу жана коррупциясыз тутумга карай кадам. Инспектордун ордуна так, ачык-айкын жана эч кандай кийлигишүү мүмкүнчүлүгүсүз иштей турган санариптик модуль киргизилет.

«Реформалоонун жыйынтыгында Салык кызматы иштеги жазалоочу моделден толугу менен кетип, бизнес жана жарандар үчүн толук кандуу сервиске айланышына умтулабыз. Анткени мамлекеттин башкы милдети – айып салуу эмес, ишкерлерге өз милдеттенмелерин жөнөкөй, ачык-айкын жана ашыкча чыгымдарсыз аткарууга жардам берүү. Бул үчүн салык төлөөчү өзүн кысымга алынган объект эмес, өнөктөш катары сезиши үчүн Салык кызматы ыңгайлуу санариптик инструменттерди, түшүнүктүү эрежелерди, консультацияларды жана колдоону өз убагында камсыздашы керек. Мындай кадам ишенимди арттырып, салыктарды ыктыярдуу төлөөгө түрткү берип, туруктуу жана бекем экономикалык чөйрөнү түзөт»,- деп айтылат маалыматта.

«Бардык реформаларыбыз бизнести, өзгөчө чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө дем берүүнү эске алуу менен жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ишкердикти өнүктүрүү үчүн бардык жеңилдетилген жана ыңгайлуу шарттар бар. Бул бизнести баштоо, аны каттоо жана салык жол-жоболоруна тиешелүү»,-дейт Шыкмаматов.

 

 

 

21