7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте U-17 Азия кубогунун тандоо оюндары өтөт

415

22-30-ноябрда Бишкекте футбол боюнча U-17 жаштар курама командаларынын арасында 2026-жылкы Азия кубогунун тандап алуу оюндары өтөт.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, беттештер Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо жана «Алга» спорт комплексинде орун алат. Кыргызстандын курамасы «B» тайпасында беш курама команда менен күч сынашат.

Оюндардын жүгүртмөсү:

  • 22-ноябрь, 15:00 – Кыргызстан — Йемен;
  • 24-ноябрь, 19:00 – Кыргызстан — Пакистан;
  • 26-ноябрь, 19:00 – Гуам – Кыргызстан;
  • 28-ноябрь, 19:00 – Лаос – Кыргызстан;
  • 30-ноябрь, 15:00 – Кыргызстан – Камбоджа.

Кыргызстандын командасы катыша турчу оюндар оюн-зоок жана концерттик программалар менен коштолот. Мелдештин алкагында өтө турчу оюндарга кирүү акысыз.

Тандап алуу оюндарына жалпы 38 курама катышып, алар 7 тайпага бөлүнгөн. Ал эми 2026-жылкы U-17 Азия кубогунун финалдык этабы 2026-жылдын май айында Сауд Арабиясында өтүп, ага тандоо оюндарынын жыйынтыгында 7 курама жолдомо алат.

Кубоктун финалдык баскычынын жолдомолоруна 2025-жылкы Дүйнө чемпионатында ойногон Азиянын 9 курамасы автоматтык түрдө ээ болгон.

416