7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад облусунун прокурору мыйзамды эмес, айыл өкмөттү коргоп…

3107

Сузак айыл өкмөтүнүн башчысы Аскар Сариев УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган. Ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу менен мамлекетке зыян келтирген деген айып коюлган.

Сүрөттө Аскар Сариев.

Бирок, Жалал-Абад шаардык сотундагы судья Кангелдиев кечэ, үй камагына чыгарган. Журналист Өткүрбек Рахманов бул чечимге Жалал-Абад облустук прокуратурасынын прокурору Асановдун  таасири бар дейт.

Анткени прокурор Асанов сот залында, Сариевди бошотуп берүүнү соттон өтүнгөнүнө көпчүлүк күбө болгон.

Ага нааразы болгон тараптар, интернет желесинде прокурор Асановдун сот ишине аралашуусун сынга алууда.

«Асановтой прокурорлор кетпесе бут обл. Прокуратурага кесепети тиет!! Асанов дайма акчасы барлардын созун суйлогон. Акырын журуп ишти калагандай бутургон прокурор!! Шерменде прокурорлордун бардыгы ушундай болсо бут прокуратурага ишенич жок!«, — дейт интернет колдонуучу Гүлизат Арстанбекова.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3108