«Ушунча жыл чыдадык, эми акырын үн чыгарып коелу дедик. Чыдамыбыз түгөндү, сыйыбыз чегине жетти», — деген Ноокат районунун активисттери интернет желесинде нааразычылык акциясын өткөрүүдө.
Алар транспорт министрлигин Ноокатка барып, сый көрүп келүүгө чакырышат.
«Ноокаттыктардын тили бир эле жерден » кыска» болуп жатат, ал жыртык- чуңкур жолдордун айынан. Байларыбыз деле бар, жол салып кое турган. Бирок биздин жолдор транспорт министрлигинин акчасына гана » оңдолом» деп көгөрүп атат. Азыр ушул жолдун айынан жигиттерибизге кыздар тийбей, кыздарыбызга жуучулар келбей жатат. Бул жолдордо керек болсо молдолор да сөгүнүп жиберип жатат)). Бул жолдордун айынан вулканизация менен автомойкалар байып атат….Сөздүн ток этер жери Ноокаттын жолу БЫЙЫЛ ондолуусу керек!»,- деп жазылган кайрылууда.