Бишкекте Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери «Маяк» деп аталган профилактикалык рейдди жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында көчөлөрдө биринчи болуп күйүп турган жарык жана үн сигналдарын кошкон тез жардам унаасы барат, анын артынан кайгуул милициясынын экипажи коштоп жүрөт.
Эгер айдоочу күйүп турган атайын белгилери бар тез жардам унаасын көрүп туруп, ага жол бербесе, кайгуул кызматы аны дароо токтотуп, тиешелүү укук бузуулар жөнүндө протокол түзүп. айдоочуларга профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, атайын кызмат унааларына жол бербөө адамдардын өмүрүнө коркунуч жаратарын эскертип атты.
Иш-чаранын жыйынтыгында эрежени бузгандарга карата тиешелүү протоколдор түзүлүп, салынган айыптардын суммасы 140 000 сомдон ашты.



