7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Рекорддук көрсөткүч. Быйыл 1430 чакырым жол асфальтталды

291

Ушул жылдын 20-ноябрына карата өлкө аймагында 1430 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдирди.

Министрлик тарабынан быйылкы жылга коюлган план ашыгы менен аткарылып, азыркы тапта да аба ырайынын шарттарына жараша жол куруу иштери уланууда.

Белгилей кетсек, өлкө жетекчилигинин колдоосу менен стратегиялык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдорду, эл аралык коридорлорду оңдоого өзгөчө көңүл бөлүнүп, алардын дээрлик 80% пайызы мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып жатат.

Алсак, 2021-жылы өлкө аймагында 175, 2022-жылы 488, ал эми 2023-жылы 673 чакырым жолго асфальт төшөлгөн болсо, былтыр бул көрсөткүч 802 километрди түзгөн. Ал эми быйыл Транспорт министрлиги жол салуу жаатында рекорддук көрсөткүчкө жетип, бул сан жыл аягына чейин дагы да жаңыланары күтүлүүдө.

292